Борбор Азиядагы француз изилдөө институту (IFEAC)

Борбор Азиядагы француз Изилдөө Институту (IFEAC) 1993-жылы түзүлгөн, Франциянын Тышкы иштер министрлигинин административдик бийлигинин алдында иштейт жана CNRS (USR 3140) тарабынан изилдөө бөлүмүнүн статусуна ээ болгон.

IFEACтын негизги миссиясы - бул аймакта археология жана социалдык-гуманитардык илимдерде (тарых, социология, этнология, антропология, экономика, география ж.б.) иштеген Франция жана Борбордук Азиядан келген изилдөөчүлөрдү колдоо.

Географиялык жактан алганда, IFEAC өз ишмердүүлүгүн Борбор Азиянын 5 мамлекетине (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жайылтат. Ошондой эле, институт Россиянын (Татарстан жана Башкортостан), Ооганстандын, Ирандын (Хорасан), Кытайдын (Цин-Цзянь) жана Монголиянын коңшулаш аймактары менен мамилесине кызыкдар.

IFEACтын максаттары жана милдеттери:

  • жергиликтүү изилдөө институттары менен илимий ишмердүүлүгүн биргеликте иштеп чыгуу жана жайылтуу
  • Франция менен Борбор Азиянын ортосундагы илимий жана социалдык изилдөө жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү
  • француз өнөктөш институттарынын (университеттин лабораториялары, UMR, изилдөө институттары) иштерин жайылтуу

2010-жылга чейин IFEAC Ташкент шаарында иштеп келген, андан соң ал Кыргызстандын Бишкек шаарында ачылган. Ошондой эле, Институттун өкүлчүлүгү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында бар.

Акыркы жаңыртуу : 19 Жалган куран 2021